Ошто пара алууга шектелип милициянын аймактык тескөөчүсү кармалды

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Ош ШИИБдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган.

4-октябрда Ош ШИИБдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты кармалган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.