Ошто патрулдук милиция кызматкерин опузалап, 150 миң сом талап кылган адам кармалды (видео)

Ош шаарында ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан милиция кызматкеринен опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

18-февраль күнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде Ош ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 1992-жылы туулган жаранга Укук бузуулар кодексинин 190-беренесинин негизинде (жөө жүргүнчү жол эрежесин бузгандыгы үчүн) протокол түзгөн. Аталган жаран өзүнүн уюлдук телефонуна видеого тартып алып, Ош шаардык милициясынын башчысынын наамына ага карата протокол түзгөн кызматкердин үстүнөн арыз жазып кайрылган. Арыз Ош шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган. Андан кийин жаран аталган жагдайдагы видео тасманы интерет тармагына чыгарбоо үчүн, кызматкерден «150 миң сом акча берсеңер, силерди тарткан тасманы өчүрүп салам, эгерде мага акча бербей турган болсоңор, мен силердин тасмаңарды социалдык тармактарга таратып жиберем” деп опузалап акча талап кылып жаткандыгы аныкталган.

20-февралда милициянын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан “опуза” белгиси коюлган 40 миң сом акчасы ырасталып, кызматкерге тапшырылып, ошол эле күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган жаран кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда, алдын ала даярдалып берилген 40 миң сом акча алынды.