Ошто психотроптук дары сатуу менен алектенген үй-бүлө кармалды

Ош шаарында психотроптук дары-дармектерди сатуу менен алектенип жүргөн үй-бүлө кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында төмөнкүлөр аныкталган. 2-октябрь күнү Ош шаарынын тургундары, жубайлар 1999-жылы туулган Ж. кызы Б., 1995-жылы туулган А. уулу М. күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди сатып жаткан жеринен кармалган. Бул жарандар Honda Stepwgn унаасы менен түн ичинде күчтүү таасир этүүчү дарыларды чогуу сатуу менен алектенишкен. Тинтүү жана автоунааны тинтүү учурунда жогоруда аталган жарандардан 116 даана психотроптук дары-дармектер алынган.

Бир чоң үй-бүлөнүн башка өкүлдөрү да психотроптук препараттарын сатууга катышкан:

— М.Н.А., 1970-жылы туулган (апасы)

— Ж. кызы Б.,1999-жылы туулган (кызы)

— А. уулу М., 1995-жылы туулган (күйөө баласы)

— А.А.Т., 1981-жылы туулган (тууган)

— А.Ө.К., 1977-жылы туулган (А.Т.А.нын күйөөсү)

— Ж.Н.Ж., 1992-жылы туулган (уулу)

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандардын үйлөрү, дарыканалар, унаалары тинтүүгө алынып, 8 миңден ашуун психотроптук дары-дармектер табылган. Жогоруда аталган жарандар чет өлкөдөн ири өлчөмдөгү дары-дармектерди алышып, андан кийин азыраак сатуучуларга 50 даанадан көп санда таратып берип, сатып келишкен. Жалпысынан дүң баада 1 миллион 205 сом жана чекене (мыйзамсыз сатуу) баасында 3 миллион 685 миң сомдук товарлар алынган.