Социалдык тармактарда Кара-Суудагы «Туратали» базарындагы контейнер ээси сабалганы боюнча маалымат тарап жатат. Ош ОИИБ маалымат таратып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын билдирди.
«Жогорудагы факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши ачылып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эки тарап тең арыз менен кайрылган. Арыздануучуларга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бул окуя жетекчиликтин көзөмөлүндө«,- деп айтылат маалыматта.
24-июнда социалдык тармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси ур-токмокко алганы тууралуу маалымат тараган. Видеодо бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.