Ошто сел агызып кеткен 4 жаран бир үй-бүлө мүчөлөрү экендиги айтылууда

Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча бир үй-бүлө Д.Н. 1980-жылы туулган (аял киши), кыздары М. 2005-жылы туулган, М. 2014-жылы туулган, С. 2018-жылы туулган. Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө. Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.