Ошто сел жүрүп, 45 үйдүн короосун суу каптады (сүрөт)

Кечээ, 1-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Кара-Суу районунда сел жүрүп, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 42-чакырымын кум-шагылга толтурган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ал жерге 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып, унаа жол саат 19:50дө толук тазаланып, каттам эки тараптуу ачылган.

Ошондой эле Жаңы-Арык айыл аймагында сел жүрүп, Жаңы-Арык — Кызыл-Суу унаа жолунун кээ бир жерлерин кум-шагылга толтурулуп, Кызыл-Суу айылынын ички чарбалык жолун жана 45 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.