Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. Буга кошумча Ош шаардык №12 ӨКБдан 8 куткаруучу, №13 АӨКБдан 10 куткаруучу тартылды, ККББдан ыкчам топ КБП унаасы менен. Жалпы 46 куткаруучу тартылды.