Ошто социалдык тармактар аркылуу экстремисттик чакырууларды тараткан эки жаран кармалды

Ош шаарында бир нече айдан бери топтолуп келген маалыматтардын негизинде экстремизмге шектелип «Умар аль Форук» жана «Абдуллох» аттуу каймана аты бар эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган эки жаран социалдык тармактар аркылуу диний-экстремисттик жана террордук уюмдар менен байланышып, аларга Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна шек келтирген үгүт маалыматтарды таратып турушкан.

Алар Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну (каймана аты Абдуллох) жана Кара-Суу районунун 17 жаштагы тургуну (каймана аты Умар аль Форук) болгон.

“Шектүүлөрдүн бири 300гө жакын мыйзамсыз чакырыктарды интернетке жарыялаган, ал эми экинчиси миңге жакын чакырык, видео-аудио кайрылууларды интернетте каймана аты менен жарыялап турганы аныкталды. Алар түрдүү фейк аккаунттар менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп турушкан», – деп билдиришти милиция кызматкерлери.

Учурда шектүүлөр Ош ШИИБинин убактылуу камоочу жайына киргизилип, алардын үстүнөн «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.