Ошто студент кыз көп кабаттуу үйдөн боюн таштаганга чейин жакындарына коштошуу билдирүүлөрүн жөнөткөн

Ошто студент кыз көп кабаттуу үйдөн боюн таштаганга чейин жакындарына жана туугандарына WhatsApp аркылуу коштошуу билдирүүлөрүн жөнөткөн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери кыздын өз жанын кыюуга эмне себеп болгону боюнча версияларды текшеришүүдө. Кыздын атасы жок, ал эми апасы Орусияда иштери маалым болгон.

Кечээ, 13-январь күнү түнкү саат 03:00 чамасында Ош шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан 2001-жылы туулган кыз түшүп кетип каза болду.