Ошто студент кыздын өлтүрүлүп, үйдүн жанына көмүлүшү. Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Өткөн жылдын январь айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу болгон.

Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анын 2000-жылы туулган кызы 30-январь күнү үйдөн окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. 8-февралда Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну — ОшМУнун 4-курсунун студенти качып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. 

Кара-Суу райондук соту июль айында шектүүгө карата чечим чыгарып, ал 15 жылга эркинен ажыратылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан 30-сентябрда билдиргендей, Ош шаардык сотунда иш аппеляциялык арыздын негизинде кайра каралган. Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү Жазык кодексинин 112-беренеси (кош бойлуу аялды өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бүгүн, 24-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кылмыш иши Жогорку Сотко жеткени маалым болду. Маалыматты Жогорку Соттон тастыкташты. Маалыматка караганда, биринчи соттук отурум жактоочусу ооруп калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Бүгүн, 1-февралда иш Жогорку Сотто каралып, мурдагы чечим күчүндө калтырылган.