Ошто суу түтүгү унаага кулап, каза болгон ата-бала. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

12-август күнү Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишинде жайгашкан Мунай базасынын унаа жүрүүчү жолунда кокусунан суу өтүүчү түтүк түшүп кетип, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унааны басып калган. 1976-жылы туулган Алай районунун тургуну оор жүк ташуучу унаасы менен бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен ошол эле жолдун карама каршы тилкесинде келе жаткан Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаанын үстүнө суу өтүүчү түтүк түшүп кеткен. Унаанын алдынкы салонунда олтурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын арткы салонунда олтуруп бара жаткан жүргүнчүлөр, 3 жаран (экөө бала) денесине алган жаракаттын негизинде Ош облусунун балдар ооруканасына жеткирилген.

Ош ОИИБден СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тастыкташкандай, каза болгондор ата менен баласы. Атасы Орусиядан келген уулун тосуп келе жаткан. Ал эми унаанын артында келини жана 2 баласы болгон.

Ош ОИИБ маалымат берип, кылмышка шектүү кармалганын билдиришти. «Ош — Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн окуя боюнча шектүү деп Алай районунун 47 жаштагы тургуну кармалып, 12-август күнү Кылмыш-Жаза кодексинин 144-берененин (коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөдө окуя болгон күнү шектүү ошол жерден 200 метрдей алыстыкта жайгашкан суу тарапка качып кеткени аныкталган. Ошондой эле, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаада каза болгон жарандарга жана жаракат алып алсыз абалда болгон жабырлануучуларды көрүп, билип туруп, аларга жардам берүүдөн баш тарткан. Жабырлануучулардын өмүрү жана ден соолугу коркунуч абалда экенин билгени менен өзүн сактап калуу максатында окуя болгон жерден кетип калган», — дешти.