Ошто суу түтүгү унааны басып калып, ата-бала каза болгон окуя. Атасы уулун аэропорттон тосуп келе жаткан

12-август күнү Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишинде жайгашкан Мунай базасынын унаа жүрүүчү жолунда кокусунан суу өтүүчү түтүк түшүп кетип, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унааны басып калган. 1976-жылы туулган Алай районунун тургуну оор жүк ташуучу унаасы менен бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен ошол эле жолдун карама каршы тилкесинде келе жаткан Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаанын үстүнө суу өтүүчү түтүк түшүп кеткен. Унаанын алдынкы салонунда олтурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын арткы салонунда олтуруп бара жаткан жүргүнчүлөр, 3 жаран (экөө бала) денесине алган жаракаттын негизинде Ош облусунун балдар ооруканасына жеткирилген.

Ош ОИИБден СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тастыкташкандай, каза болгондор ата менен баласы. Атасы Орусиядан келген уулун тосуп келе жаткан. Ал эми унаанын артында келини жана 2 баласы болгон.

Каза болгон жарандарга жана ооруканага жеткирилген жарандарга экспертиза дайындалып, жол эрежесинин талаптарын бузгандыгын аныктоо боюнча экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.