Ош шаарында 21-июнь күнү каналга түшүп кеткен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайда турган жеринен, жанынан агып өткөн Увам каналына Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Ал жерге куткаруучулар барып, унаа суудан чыгарылды.