Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсүн 50 киши издеп жатат

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун жанындагы 1999-жылы туулган жаран унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочу 1997-жылы туулган жаран өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Бүгүн, 28-апрелде  издөө иштерин улантуу үчүн Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамына Айгай жарыяланып, коопсуздукту сактоо эрежелери тууралуу түшүндүрүштү. Аталган райондун ӨК бөлүмүнөн 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам, ИИМден 10 кызматкер жөнөтүлдү.