Ошто «Тазалык» ишканасынын трактору оодарылып, 2 адам жабыркады

Ошто жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ош-Исфана жолунун 26-чакырымында катталган. Ноокат шаардык «Тазалык» ишканасынын таштанды таашуучу трактору чиркегичи менен жолдо оодарылып кеткен, ичинде 2 эркек киши болгон. Куткаруучулар тракторго кыпчылып калган 59 жаштагы жаранды чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Экинчи 51 жаштагы жаран куткаруучулар жеткенге чейин трактордон чыккан. Абалы орто деп бааланууда.