Ошто темир жолдо бензин ташыган 3 вагон оодарылып, бир киши каза болду (видео)

Кечээ, 21-декабрда Ош шаарына жанаша жайгашкан Нариман айыл аймагындагы «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун» нефть базасына жакын жайгашкан темир жол станциясында күйүүчү май куюлган 3 цистерна темир жол каттамынанан чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган эркек кишини (регулировщик) цистерна басып калып каза болгон. Ал эми 22 жаштагы жигит жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Абалы туруктуу. Ал жерге өрт чыгуу коркунучун жоюу, адамдын сөөгүн басып калган цистернадан чыгаруу максатында тийиштүү кызматкерлер тартылган. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен цистерна вагондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда.