Ошто «Тилла» кармалды. Кылмыштын чоо-жайы

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

11-сентябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1967-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-июль күнү жаран ДЭУ МАТИЗ үлгүсүндөгү унаасын убактылуу пайдаланып турайын деп алып, башка бирөөгө карызын төлөө үчүн берип жибергендигин билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында,14-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган Тилла каймана аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 4 миллион 800 миңден ашуун. Шектүү Өзбекcтандын криминалдык чөйрөсүндөгү таанымал болгон жарандар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп жүргөндүгү маалым болду.