Ошто тракторунун айнегин караңгылаткан жаран 20 миң сом айыпка жыгылды (видео)

Социалдык тармакка трактор айдоочусунун видеосу тарап, анда трактордун терезесин караңгылатканы үчүн 6 миң сом төлөп чыкканын, жалпы 20 миң сом айып салынганы айтылат. «Мен терезени күн тийбесин деп караңгылатып койгом», — дейт видеонун автору.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.

«Ноокат районунун тургуну ысык күндөн коргонуу максатында өзү башкарган трактордун айнектерин караңгылатуучу плеенка менен чаптап алгандыгы үчүн Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан токтотулуп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 4-бөлүгүн бузгандыгы үчүн 20 миң сом айып салынган. Кийинчерээк айдоочунун кайрылуу видеосу интернет булактарында тараган. Бул окуя 20-июнь күнү саат 11:43 чамасында, Ош-Исфана жолунун 46-чакырымында болгон», — деп айтылат маалыматта.