Кара-Суу районунда турак үйлөрду суу каптады

Архив

8-майга караган түнү саат 02:20 чамасында Ош облусундагы Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жоош айыл аймагынын Большевик айылында 13 турак үйдүн жер төлөсүнө, Беш-Мойнок айылындагы 7 турак короо сарайларына суу кирген. Жерине Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 20 куткаруучу жана ӨКБдан 12 куткаруучу, жалпы 32 куткаруучу тартылган. Тазалоо иштери бүгүн, 8-май күнү улантылууда.