Ошто “Түнкү көпөлөк” рейди өткөрүлүп, сойкулук менен алектенет делген 13 кыз кармалды

Ош шаарында “Түнкү көпөлөк” рейди өткөрүлдү. Жол боюнда турган 13 кыз милицияга жеткирилди, алардын арасында коӊшу өлкөдөн келген кыздар дагы бар. Жашыруун сойкулук жасоочу притон уюштургандыгы үчүн бир аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

3-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Түнкү көпөлөк” деген аталыштагы профилактикалык рейд өткөрдү. Анын максаты Ош шаарынын аймагында жеӊил ойлуу, сойкулук менен алектенген кыз-келиндерди табуу жана аларга карата профилактикалык иш-чараларды өткөрүү болуп саналат. Милиция кызматкерлери алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, денесин сатуу үчүн туруусу мүмкүн болгон жол бойлорун текшерүүгө алышты. Анын ичинде Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектешкен аймагы дагы бар. Рейддин жүрүшүндө сойкулук жасоого шектүү 13 кыз кармалып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө алынып келинди. Кармалган кыздардын көпчүлүгү Ош шаарына башка региондордон келгендиги аныкталды. Арасында өзбекстандык эки кыз дагы бар.

Кыз-келиндерден түшүнүк алган учурда, алардын көпчүлүгү сойкулук менен алектенип, жан багарын жашырышкан эмес. Бармактарынын издери дагы алынып, учетко коюлду. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ушул профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде аял киши өзүнүн айланасына женил ойлуу кыз келиндерди топтоп алып, сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайын уюштуруп жаткандыгын тууралуу маалымат алынган.

Маалымат Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Аталган маалыматты дарек боюнча текшерүү учурунда сойкулук жасоо үчүн 2003-жылы туулган жаран тарабынан жашыруун батир уюштурулгандыгы аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул кыз Бишкек шаарынан барып, 2022-жылдын январь айынын ортолорунан тартып, батир ижарага алып, сойкулук жасоого жашыруун жай уюштурган. Жеӊил ойлуу кыздарды башка аймактардан чакырып, иштете баштаган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта профилактикалык иштер күчөтүлөт.