Ошто убактылуу кармоочу жайдагы жаран өзүн өлтүрүүгө аракет кылды

Ош шаарында убактылуу кармоочу жайда отурган жаран өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул туурасында Ош ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 9-апрелде саат 06:30 чамасында шектүү делинип убактылуу кармоочу жайда отурган жаран суицид жасоого аракет кылган.

«Ал ич кийиминен жип жасап, жылытуучу трубага асынып, өзүн-өзү өлтүрөйүн деген. Аны постто турган милициянын прапорщиги байкап калып, башкармалыктын нөөмөтчүсүнө билдирген. Нөөмөтчү менен постто турган милициянын прапорщиги экөө тез арада эсин жоготкон шектүүгө жасалма дем алдыруу аркылуу анын өмүрүн сактап калышты. Андан соӊ шектүү «Тез жардам» кызматына өткөрүп берилди. Учурда өзүн-өзү өлтүрүүгө шектүү жарандын абалы жакшы, өз алдынча дем алууда. Дарыгерлердин жана конвоирлердин көзөмөлүндө дарылоо мекемелеринин биринде жатат», — дешти мекемеден.

Шектүү 39 жаштагы түбү токтогулдук Орусиянын жараны. Ири салмактагы баңгизаттарын алып жүргөн жеринен Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган.