Ошто унаага автомат, тапанча салып жүргөн жигиттер кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 16-майга караган түнү мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Мыйзамсыз куралды алып жүргөнгө шектүү кылмыштуу топ Ош шаарына батыш тараптан кире берүүчү жол айлампасында токтотулуп, кармалган. Алар жүргөн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаадан АКСУ-74У улгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу бар болгон), 1 тапанча (магазинде 3 огу бар) алынган.

Кармоо учурунда бул топ милиция кызматкердерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан. Унаада отурган 1996-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну, 1993-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну жана 1994-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кармалып, милицияга жеткирилди. Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.