Ошто унаанын жүргүнчүсү милиция кызматкерине бычак сайды

Милициянын кайгуул кызматына каршылык көрсөткөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрга караган түнү саат 03:15 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө бара жаткан Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алкоголдук ичимдиктерди ичип, унаа башкарган шектүү катары токтотулган. Унаадан спирт жыттанып тургандыгынан улам, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери айдоочунун мастыгын аныктоо үчүн наркологиялык борборго алып барууга аракет жасап жаткан учурда, унаада отурган жүргүнчү тарабынан милиция кызматкерине каршылык көрсөтүлүп, ал бычак колдонуп, милиция кызматкерине кол салган. Кесепетинен милициянын кайгуул кызматынын милиция кызматкери колунан жаракат алган.

Милиция кызматкерине кесиптештери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, анын абалы жакшы. Ал эми Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 1998-жылы туулган жаран камакка алынды.