Ошто унаасын сатууну каалаган жаранга кутудагы Айфондорду таштап кеткен. Аны ачкан жаран милицияга кайрылды

Ошто алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары «Коён» каймана аттуу жаран кармалган. Милиция анын буга чейин бир нече жолу кармалганын билдирди.

Милицияга жаран кайрылып, жаран Lexus ES унаасын жергиликтүү тургундан 27 миң долларга баалап алып, акчасын 31-октябрда бермек болгонун, бирок ал 25 миң долларга машинаны сатып ийип, өз кызыкчылыгына жумшаганы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү унааны сатып, акчасын коротуп салганын билдирген.

Милицияга дагы бир жарандан арыз түшкөн. Анда 2 КИА Соренто унаасын 45 миң долларга баалап, ишеничтүү болуш үчүн ага Айфон 14 жана 15 моделиндеги телефондон 60 куту таштап кеткен. Акчаны кайтарып бербегенинен жаран телефондун кутусун ачып көргөн. Кутуда кебезге оролгон болттор болгон. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган кыз киши кармалган.