Ошто уулдуу болгон жигиттин ок чыгарышы. Милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда Ошто уулдуу болгонун ок чыгаруу менен белгилешкени тартылган видео тарады. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 3-ноябрь күнү интернетте белгисиз жарандар ок атып жатканы боюнча видео таратылган. Ал видео боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн материал 3-ноябрь күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Видеодогу ок атуучу куралдан ок чыгарышкан жарандарды тактоо максатында Ош облустук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө ок аткан жарандар такталып, алар Ош шаарынын 24 жана 29 жаштагы тургундары экени аныкталып, жарандар тергөөгө камсыз кылынган. Ошол эле учурда алардан далил буюм катары KRAL ARMS XPS W TAKTIKAL үлгүсүндөгү ок атуучу куралы жана газ пневматикалык ок атуучу тапанчасы, 2 ок атуучу куралдары алынган.

Териштирүүдө аталган жарандардын ок чыгарганынын себеби тергөөгө алынып келген жарандардын бири уулдуу болгондугу менен түшүндүрүшкөн. Бул окуя Ош шаарында болгондуктан топтолгон материал караштуулугу боюнча Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берүү каралууда.