Ошто ууруга кирген жигит үй ээсинин БМВ Х5 тартып алган. Шектүү кармалды

Ошто каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-мартка караган түнү саат 03:30 чамасында Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан үйгө 2004-жылы туулган жаран кирип, баалуу буюмдарды издеп, ашканадан аш бычагын алып, үй ээсин коркутуп, Айфон 13 Про Макс, Айфон 13 Про маркасындагы телефондорун, 2 даана ноутбук жана үйдүн короосунда турган БМВ Х5 унаасын зомбулук колдоном деп коркутуп, ээлеп алып, из жашырып кеткен.

11-март күнү кылмышка шектүү качып жүргөн жеринен Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан далил буюм катары БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаа, Айфон 13 Про макс, айфон 13 Про үлгүсүндөгу уюлдук телефондор алынган. Анын сотто бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылган.