Ошто уурулукка кирип, камераны көрүп, дүкөндү өрттөп жиберген шектүүлөр кармалды

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө орун алган “Жети Баатыр” аталышындагы азык-түлүк дүкөнүн өрттөп кеткен эки шектүүнү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милицияга 19-ноябрь күнү Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында “Жети-Баатыр” аталышындагы азык-түлүк дүкөнүн белгисиз жарандар өрттөп кеткендигин билдирген. Факты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси менен катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 2000 жана 1993-жылы туулган тургундары кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Тергөө иштеринин алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, алар дүкөнгө уурулука киргенин, көзөмөл камераларын көрүп калып, коркконунан жана изин жашыруу максатында “Жети-Баатыр” дүкөнүн өрттөп жиберишкенин айтышкан. Шектүүлөр буга чейин да адам өлтүрүү, уурулук жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгондугу аныкталган.