Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

22-март күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын 1988-жылы туулган Д.К. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын күз мезгилинде сырттан тааныган жаран анын ишенимине кирип, Лексус үлгүсүндөгү автоунаасын 650 миң сомго баалап алып, акчасын берем деп, бирок ар шылтоону айтып, бербей из жашырып кеткендигин көрсөткөн.

Арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чолгултулган материалдын негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 29-март күнү кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган, мурда соттолгон, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган А.уулу С. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына камсыз болду.