Ошто үйдөгү алтын, күмүш буюмдар жоголгон. Шектүү кармалды

Кара-Сууда уурулук жасаган жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

7-октябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, уурулук фактысы менен издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну 1998-жылы туулган тургуну Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кара-Суу РИИБге арыз менен Кара-Суу районунун тургуну 60 жаштагы жаран кайрылган. Анда 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген. Жабырлануучуга 52 миң сомдук зыян келтирген.