Ошто үйдүн ичинде дубал урап, 75 жаштагы эркек кишини басып калды

Ошто үйдүн ичинде дубал урап, 75 жаштагы эркек кишини басып калды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарында жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы урап түшүп, 75 жаштагы эркек кишини басып калгандыгы аныкталган. Каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.