Ошто ымыркайын ооруканага таштап, Түркияга качмакчы болгон келин. Окуянын чоо-жайы

Ири суммадагы алдамчылыкка шектүү аял жаӊы төрөгөн баласын ооруканага таштап, Түркияга качуу үчүн аэропортко келгенде кармалган. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Бүгүн, 6-сентябрда айрым маалымат каражаттары шектүүнүн апасынын айтканын жазып чыгышкан. Анда апасы журналисттерге маалымат берип, анын кызын мыйзамсыз камап койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча Ош ШИИБ маалымат таратты. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 1991-жылы туулган жарандын үстүнөн Ош шаарынын 4 жашоочусунан арыз түшкөн. Алардын арызына ылайык, 4 жабырлануучулар ири суммадагы акчаларын алдатышкан. Тагыраак айтканда, шектүүгө 538 миӊ, 40 миӊ, 50 миӊ жана 70 миӊ доллар (жалпы суммасы 698 миӊ доллар) акча каражаттарын беришкен. Анткени шектүү аларга ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сата турган болуп, алдаган. Анын бул кылмыштуу аракетинен улам алдамчылык беренеси (209-берене) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөчү тарабынан бир нече ирет чакырылгандыгына карабастан, келбестен өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен.

Бишкек шаарында баласын ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап чыгып, Бишкек-Стамбул багыты боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качып бара жаткан учурда кармалган жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Бишкектеги оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн.

Ош шаардык соту тарабынан 31-августта кылмыш иши каралып, жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын ири суммада экендигин жана шектүү качып кетиши мүмкүндүгүн эске алып, шектүүнү 15-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.