Ошто үрөй учурган жол кырсыгынан унаадагы 3 адам тең мүрт кетти (видео)

Ош шаарында катталган үрөй учурган жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 26-июлга караган түнү саат 1:30 чамасында Гапар Айтиев көчөсүндө болгон. Hyundai үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу рулду башкара албай жол боюнда турган жарнамалык түркүктү сүзүп алган. Жыйынтыгында унаада бараткан 3 адам тең мүрт кеткен.