Ошто зордуктоого аракет кылуу фактысын кыскартуу үчүн пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды

Пара талап кылуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн жарандан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Кечээ, 8-июнда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликтеги ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө тергөөчү 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.