5-октябрда саат 12:00 чамасында Ош ШИИБге кабар түшкөн. Анда Ош шаарынын Шамшиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн жаран кулап кеткени маалымдалган.
Окуя болгон жерге милиция барып, 10-кабаттан кулаган 2008-жылы туулган жаран Өзгөндүн тургуну жана ОшМУнун финансы жана кредит колледжинин студентинин жансыз денесин табышкан. Ал курулуш калдыктарын чогултуп жатып, 10-кабаттан түшүп кеткен. Тергөө уланууда. «Жумушка кантип кирген, эмне үчүн жашы жете элек өспүрүм иштеп жаткан текшерилет»,— дешкен.
Мамкурулуш маалымат таратып, 9-октябрда лицензиялоо жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү бузууларды кароо боюнча комиссиянын отуруму болгонун билдиришти. «Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү 1 боюнча курулуп жаткан турак үйдүн кызматкеринин өлүмүнө алып келген курулуш учурундагы коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө жүргүзүлүп “Артвин групп Кейджи” ЖЧК лицензиясынын колдонулушун токтото туруу чечими кабыл алынган»,- дешти.