Ошто 49 жаштагы кишинин өлүмү менен аяктаган уруш. Шектүү 2 айга камакка алынды

Кара-Суу районундагы адам өлтүрүүгө шектелген 33 жаштагы жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 19-февралда Кара-Суу райондук соту чыгарган.

Буга чейин Ош ОИИБи маалымат таратып, 49 жаштагы жаран киши колдуу болгонун билдирген. Бул факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып, Кара-Суу районунун Жылкелди айылында жайгашкан “Бекболот” деген дүкөндүн батыш тарабында кылмыш болгондугу аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алынган далил буюмдарга карата тийиштүү болгон экспертизалар дайындалган.