Оштогу 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Жабыркагандардын абалы айтылды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыкта 22 адам жабыркаган. Алардын ичинен 7 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун саламаттыкты сактоо мекемелерине 15 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен кайрылган. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 жабырлануучу бар, алардын абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышат. Нейрохирургия жана травматология бөлүмүнө 2 жабырлануучу жаткырылды, абалы орточо оор. Жабырлануучулардын бири Шаардык клиникалык ооруканага жаткырылды, абалы орточо оор. Эки бала Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, абалы оор жана өтө оор деп бааланууда. Үч жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. 

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында жол кырсыгы катталганын, Анда КаМАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары сүзүшкөнүн, кырсыктын кесепетинен 7 адам көз жумганын билдиришкен.