Оштогу 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Ооруканада 15 жаштагы өспүрүм көз жумду

Оштогу ооруканада жол кырсыкта жараат алган 15 жаштагы өспүрүм көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Азизбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм кечээ саат 19:00 чамасында көз жумган. Ал жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Кечээ, 16-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында КаМАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 7 адам көз жумган. Алардын экөө эркек, бешөөсү аял, арасында кош бойлуу келин да бар. Жол кырсыгынан жалпы 22 адам жабыркаган, алардын ичинен 8и жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.