Оштогу аэропортто «Таранчы» кармалды. Ал жумушчуларга «салык» салууга шектелүүдө

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 26-мартта Ош шаарынын аэропортунда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына «салык» салуу аракетин көргөндүгү аныкталды. Учурда ага карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.