Ошто аэропорт менен алтын чынжырчаларды чыгарып бара жаткандар кармалды

Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-апрелде УКМКнын кызматкерлери жана «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын текшерүү кызматынын кызматкерлери контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында аэропорттун чыгуучу залында чынжыр формасында сары металлды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Өзбекстандын 4 жаранынан сары металлдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 0,540 граммды түзөт. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.