Оштогу аэропорттон Орусияга эгизинин паспорту менен учмак болгон 24 жаштагы жигит кармалды

«Ош» эл аралык аэропортунан Ош-Пермь багытына 1997-жылкы эгизинин паспорту менен учууга аракет кылган жигит кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кыраакы чек арачы эгиздин сүрөтү менен экинчи эгиздин сырткы келбетиндеги айырмачылыктарды байкап калган. 

Буга чейин Бишкектеги аэропорттон Түркияга эжесинин паспорту менен учууга аракет кылган аял кармалган эле.