Оштогу Ак-Буура-Араван каналына түшүп кеткен 51 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Ак-Буура-Араван каналына 1970-жылы туулган аял киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан 12 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, туугандарынан 5 адам тартылган. Саат 12:40 чамасында куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.