Оштогу Ак-Буура каналына 7 жаштагы бала чөгүп кетти (сүрөт)

Ошто 7 жаштагы бала каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Төлөйкөн кичи районундагы Ак-Буура каналына 2014-жылы туулган бала чөгүп  кеткен. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп берилди.