Оштогу асманга ок чыгаруу боюнча милиция кызматынан жооп беришти

Ош шаары боюнча Патрулдук милиция кызматынан ок атышуу окуясынын чоо-жайын айтып беришти.

Мерседес-Бенц унаасынын 28 жаштагы айдоочусу токтотуу буйругуна баш ийбей, Патрулдук кызматынын кызматкерин сүзүп кетүүгө аракет кылгандыгы такталды. Милиция кызматкери кызматтык куралды колдонгон, асманга ок атылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалда болгон. Жеринде протокол түзүлүп, жагдайды тактоо үчүн айдоочу алып келинди.