Оштогу бала бакчада опузалоого дуушар болгон кыз. Окуянын чоо-жайы

Оштогу «Жасмин» балдар бакчасындагы окуя боюнча Ош ОИИБ билдирүү таратты.

«6-апрель күнү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган аял арыз менен кайрылып, анда анын 2016-жылы туулган кызын Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Жасмин» аттуу балдар бакчасында, 5-апрелде аталган бакчанын кызматкери уруп койгондугу, денесине залал келтиргендиги тууралуу айткан жана ал кызматкерге карата тиешелүү жаза берүүнү суранган.

Арыз боюнча Жазык кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Фактs боюнча окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн, ал жерде иштеген кызматкерлер суралган. Кыздын алган жаратын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда бул экспертизалардын корутундусу тергөө кызматына келе элек.

Ал эми жабырлануучу тарап күнөөлөп жаткан аталган бакчанын кызматкери балага карата эч кандай зомбулук көрсөтпөгөнүн, урбаганын айтууда. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Атайын экспертизалардын корутундусуна ылайык тергөө иштери ар кандай өӊүттө уланышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.