Оштогу түнкү клубда болгон окуядан кийин УКМК кызматкерлери иштен айдалды

2-январда Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда видео тараган. Анда УКМКнын жана бажы кызматынын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлери түнкү клубга келгендерди сабап салышканы айтылган.