Оштогу базарда 842 контейнер болсо, анын 785ин суу каптады

Ош шаарынын борбордук базарында жалпы соода багытында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаган. Бүгүн, 15-июлда аталган базар санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык экенин мэриядан маалымдашты.

Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган.