Оштогу «Царский двор» кафесинен өрт чыкты

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Царский двор» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:03тө жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Жалын саат 15:20да чектөөгө алынып, саат 16:26да толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 375 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.