Оштогу Жайылма жайлоосунда 3 жаран эч себепсиз ур-токмокко алынган

18-июлда саат 01:06 чамасында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустук ооруканасынан телефон аркылуу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кочкор-Ата айылынын 28 жана 33 жаштагы тургундары жана Базар-Коргон районунун 32 жаштагы тургуну денелерине жаракаттарды алышып кайрылышкандыгын билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Аталган факт ошол күнү 01:20 чамасында Ош ОИИБдин реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу Ош облустук ооруканасына барган кезде, Өзгөн районунун Коркор-Ата айылынын тургуну, 56 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 17-июлда саат 21:30 чамасында 28 жана 33 жаштагы балдары жана 33 жаштагы күйөө баласы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жайылма аталышындагы жайлоодо дагы бир жаран достору менен эч бир себепсиз денелерине жаракаттарды келтиришкендигин билдирип, бул окуя боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы факт Жазык кодексинин 266-берененин (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып соттук-медициналык экспертизалары дайындалган. Бүгүнкү күндө жогорудагы жазык иштер боюнча соттук-медициналык экспертизалары дайындалып, кылмышка шектүү атуулдарды тактоо жана мыйзамдуу чара көрүү боюнча тергөө амалдары уланууда.