Оштогу менчик ишканада 58 жаштагы Кытай жараны ток уруп каза болду

Ош шаарында 58 жаштагы Кытай жараны ток уруп көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБге 1-сентябрь күнү саат 08:30 чамасында Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан темир арматураларын чыгаруучу менчик ишкананын ичинде 1963-жылы туулган Кытай жаранынын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар келген. Аталган жерге Ош ШИИБдин кызматкерлери барып, кароо жүргүзүшкөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ал ток уруп каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.