Оштогу жер төлөдөгү мейманканада «кызмат көрсөткөн» кыздар аныкталды

Ош шаарынын аймагында сойкулук жасоо үчүн жашыруун жайларды уюштурган жарандарга каршы рейд уланууда. Ош ШИИБден билдиришкендей, мейманканадан жеңил ойлуу кыздар табылган.

Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндө орун алган кафенин жер төлөсүндө орун алган мейманкана текшерилип, ал жерде жашыруун сойкукана бар экендиги аныкталган. Аны уюштурган, ал жерде иштеген жеңил ойлуу кыздарга шарттарды түзүп берген жаранга сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголду.

Ал эми ал жерде “кызмат көрсөтүшкөн” 4 кыз милиция бөлүмүнө профилактикалык иш жүргүзүү үчүн жеткирилген.